14:39
USD 86.80
EUR 91.36
RUB 0.81

Камчыбек Ташиев мамлекетке коррупциядан канча акча кайтарылганын айтты

Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында мамлекетке 125 миллиард долларга чейин каражат кайтарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал бул сумма төрт жыл ичинде — 2020-жылдан 2024-жылга чейин кайтарылганын тактады.

Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш мындан ары да уланып, мындай кылмышка айыпталгандардын баары жазасын аларына ишендирди.

«Буга чейин коррупционерлер айып пул менен кутулуп, эркиндикте жүрүшчү. Бирок жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин алар айып пул төлөп эле тим болбостон, абак жазасын да өтөй башташат», — деп баса белгиледи ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
4-декабрь, шаршемби