12:00
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

Жаңы-Барак айылындагы мектепке Садыр Жапаровдун ысымын ыйгаруу сунушталды

Президент Садыр Жапаров Ош районундагы Жаңы-Барак айылынын ачылышына катышты.

Иш-чарада жергиликтүү тургундардын бири билим берүү мекемесине мамлекет башчынын ысымын берүүнү өтүндү.

«Элден айылга жаңы мектеп куруп берсе, сиздин атыңызды алалы деген ой бар», - деди ал.

Мамлекет башчысы бул сунуштан баш тартты.

 Үстүбүздөгү жылдын май айында Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Барак эксклавынан жер которгондор үчүн жаңы айылдын курулушун баштаган.

Башкы планга ылайык, 38 гектар аянтка Жаңы-Барак жаңы айылы курула баштады. Башкы планда 164 жаранга турак жай куруу үчүн 8 сотых жер тилкесин берүү, 101 жаңы үй куруу, ошондой эле жаңы айылдын жашоочуларынын бойго жеткен балдарына жер тилкелерин бөлүп берүү каралган. Үйлөрдүн курулушу 31-августка чейин бүткөрүлмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар