USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Академик Илгиз Айтматов дүйнө салды

09:59, 27 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, техника илимдеринин доктору, академик Илгиз Айтматов 27-августтун таңында 93 жашта дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдиришти.

Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча белгилүү адис болгон. 1990-1993-жылдарда КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеген.

260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.

2003-жылы III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика