23-майда Бишкекте жапон маданиятынын жана достугунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, иш-чара саат 12:30да КУУнун жетинчи корпусунда башталат.
Программада:
- барабанчылардын өнөрү;
- музыкалык номерлер;
- чай аземи;
- маданий зоналар (оригами, каллиграфия, юката, жапон ашканасы);
- айкидо, кэндо, каратэ жана башка искусстволор боюнча мастер-класстар.
Кирүү акысыз.

