14:58
USD 87.45
EUR 98.04
RUB 1.09

Акылбек Жапаров Чүй облусунда ишкерлер менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Чүй облусуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Алгач минкаб төрагасы Акылбек Жапаровго суусундуктарды чыгаруучу заводдун, азык-түлүктөрдү дүңүнөн саткан соода компаниясынын, жумуртка, айнек, бөтөлкө капкактарын, мал тоютун, бут кийим, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалардын жана финансылык кызмат көрсөткөн компания сыяктуу 12 ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу тааныштырылды.

Анда Акылбек Жапаров өзгөчө жарандарга жумуш орундарын түзүп, салык жана бажы төлөмдөрүн жүргүзүп жаткан ишкана жетекчилерине калктын аярлуу катмарына көрсөтүүчү мамлекеттик программалар менен биргеликте иштешүүгө чакырды.

Ошондой эле Москва районунда жайгашкан «Ак-суу асыл тукум чарбасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Тоок багып жумуртка өндүрүүгө багытталган ишканада 140га жакын адам жумуш оруну менен камсыз болгон. Өндүрүш кубаттуулугу бир суткада 150 миң даана жумуртка, жыл аягында 300 миң даана жумурткага чейин өндүрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтар боюнча 2024-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы өздүк өндүрүштүн эсебинен тоок жумуртка менен камсыздалышы 71,4%ды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 6,2%га жогору.

Эң көп окулган жаңылыктар