12:20
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

CNN телеканалынын негиздөөчүсү Тед Тёрнер дүйнөдөн кайтты

CNN телеканалынын негиздөөчүсү Тед Тёрнер көз жумду. Бул тууралуу Turner Enterprises компаниясы кабарлады.

CNN (Cable News Network) маалыматтык телеканалы 1980-жылы негизделген. Каналдын негизги өзгөчөлүгү — жаңылыктарды реалдуу убакыт режиминде суткасына 24 саат бою үзгүлтүксүз берүүсү болгон.

ЖМКдан
Фото ЖМКдан. CNN телеканалынын негиздөөчүсү Тед Тёрнер дүйнөдөн кайтты

Тед Тёрнер ошондой эле Turner Broadcasting System медиаконгломератын түзгөн, анын алкагында TNT, Cartoon Network жана кийинчерээк Adult Swim телеканалдары обого чыга баштаган.

1991-жылы ал «окуялардын динамикасына тийгизген таасири жана 150 өлкөдөгү көрүүчүлөрдү тарыхтын көз ирмемдик күбөлөрүнө айландырганы» үчүн Time журналынын версиясы боюнча «Жылдын адамы» наамын алган.

Ал 87 жашта болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар