Иран өзөктүк куралдан баш тартууга макул болду. Бул тууралуу Дональд Трамп билдирди. АКШ президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Иран тарап менен «абдан жакшы» сүйлөшүүлөр болгонун айтты. Анын айтымында, Тегеран өзөктүк куралдан баш тартат.
«Акыркы 24 сааттын ичинде биз абдан жакшы сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк жана келишим түзүшүбүз толук мүмкүн... Иран өзөктүк куралга ээ боло албайт. Алар буга макул болушту», — деди ал Овал кабинетинде журналисттерге берген маегинде. Ошондой эле, келишимдин акыркы мөөнөтү белгилене электигин кошумчалады.
Axios басылмасы АКШ менен Иран жаңжалды токтотуу боюнча меморандумга кол коюуга жакын калганын кабарлады. Бул документ келечектеги тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн негиз болот. Басылманын булактарынын айтымында, америкалык тарап Ирандан 48 сааттык сунуш боюнча жооп күтүүдө.
Буга чейин «Аль Арабия» телеканалы Вашингтон менен Тегеран келишимдин көпчүлүк пункттарын макулдашканын белгилеген. Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи Иран дагы эле АКШнын сунуштарын карап жатканын жана жообун кийинчерээк Пакистан тарапка берерин билдирди.
Азырынча Иран Ак үйдүн башчысынын билдирүүлөрү боюнча расмий түрдө эч кандай комментарий бере элек.

