Өзгөн районунун Кара-Тарык айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жумуштун жалпы баасы 109,5 миллион сомду түздү.
Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1 миң 280 чарчы метрден ашат. Долбоордо окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери жана спорт залы каралган.
Учурда окуу жайга эмеректер жана башка керектүү жабдыктар жеткирилүүдө.

