Орусия Украинанын борборуна жасалышы мүмкүн болгон соккунун кооптуулугунан улам чет мамлекеттерге өз дипломаттарын Киевден эвакуациялоону сунуштады. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
Анын айтымында, 4-майда орус тарап Украинада аккредитацияланган бардык дипломатиялык миссияларга жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө тийиштүү нота жөнөткөн.
Москва «жооп иретиндеги сокку» 9-майга карата белгиленген иш-чараларды үзгүлтүккө учуратуу аракеттери болгон учурда жасалышы мүмкүн экенин ырастоодо. Мындай билдирүүлөргө Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 4-майда Ереванда өткөн Европа саясий коомчулугунун саммитинде айткан сөздөрү себеп болгон. Орусия тарап бул сөздөрдү коркунуч катары кабыл алган.
Зеленский, өз кезегинде, Москвадагы параддын кыскартылган форматта — аскердик техникасыз өтүп жатышы орус бийлигинин учкучсуз учактардын чабуулунан коркуп жатканынан кабар берерин белгиледи.
Буга чейин Орусия 8 жана 9-май күндөрү бир тараптуу ок атууну токтотууну жарыялаган. Киев болсо, эгер Москва да ушундай кадамга барса, ок атууну эртерээк — 6-майдын түнүнөн тарта токтотууга даяр экенин билдирген. Бирок ошол эле күнү тараптар бири-бирин «жымжырттык режимин» бузууга айыптап чыгышты.

