«Кырк чоронун» өкүлдөрү кыргызстандыктардын 90 пайызы Орусиянын курамына киргиси келет деп эсептөө- бул өзүн өзү алдоо дешет. Бул тууралуу маалымат жыйында коомдук уюмдун өкүлү Уран Рыскулов билдирди.
«Биз Орусия менен доспуз, бирок өлкөбүздүн көз карандысыздыгын сактап калышыбыз керек», — деди ал.
Эске салсак, кечээ депутат Акылбек Жапаров журналисттерге маек берип жатып, кыргызстандыктардын 90 пайызы Орусиянын курамына киргиси келе турганын айткан.