11:41
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Сапар Исаков: ЖЭБти оңдоого 386 миллион доллар аздык кылат

Премьер-министр Сапар Исаков ТВЕА ишканасы менен түзүлгөн келишимдеги каражат «Бишкек жылуулук электр борборунун» бир бөлүгүн гана жумшоого кеткендигин билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы отурумунда айтты.

Өкмөт башчысынын айтымында, 386 миллион бул аз каражат. ЖЭБди толук оңдоп чыгуу үчүн бир нече миллиард керек.

«Канча акча керектигин айтуу кыйын. Мүмкүн бир миллиард, мүмкүн эки миллиард керектир. Көп нерсе акчага келип такалат» — деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек ЖЭБин оңдогон ТВЕА компаниясы Тажикстанда дагы жаңы ЖЭБ курган. Анын толук курулушу 349 миллион долларга бааланган. Ал эми Ереван жаңы курап жаткан жылуулук борборунун курулушун 285 миллион долларга бекитти.

Эң көп окулган жаңылыктар