«Электр станциялар» АККсынын базар баасы — 4 миллиард сом. Ал эми жалпы энергетика тутуму 20 миллиард сомго барабар. Бул тууралуу парламенттик комитеттин жыйынында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди.
Улуттук энергохолдинг 2016-жылы түзүлгөн. Анын акцияларына 100 пайыз Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат. Уставдык капиталы — 6 миллиард сом.
«Кыргызстандын энерго тутумунун минустары катары чыгымы көп жана натыйжасы аз экендигин көрсөтсөк болот. Биз суу ресурстарына караштуубуз», -деди Айбек Калиев.