00:03
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Томми Мол» соода борборундагы коммерциялык жайлар мамлекетке кайтарылды

УКМК «Томми Мол» соода борборундагы коммерциялык жайлар мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Токомбаев көчөсүндөгү 0,5 гектар жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн «К» жабык акционердик коомуна 49 жылга убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталды.

«Кийинчерээк аталган тилкени пайдалануу укугу «Э.К.» ЖЧКсына өткөн. Жер тилкесин берүү шартына ылайык, ижарага берүүчү курулган турак жайдын бир бөлүгүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттүү болгон. Бишкек шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүү боюнча комиссиянын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз манипуляцияларынын натыйжасында соода, оюн-зоок комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн жер тилкесинин функционалдык багыты өзгөртүлүп, мамлекет аз камсыз болгон жарандарга турак жай берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган. Бул шаардык бюджетке зыян гана келтирбестен, жалпы эле мамлекеттик бийлик институттарына коомдук ишенимдин начарлашына алып келген», — деп белгиледи УКМК.

«Э.К.» ЖЧКсы мэриянын балансына «Томми Мол» соода борборунун экинчи кабатындагы аянты 1 миң 257,5 чарчы метрди түзгөн коммерциялык жайды акысыз өткөрүп берди. Анын наркы 335,7 миллион сомду түзөт. Ал жерде дүкөндөр жана спорт залы жайгашкан, алардын ижара акысы мындан ары шаардын бюджетине түшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар