03:54
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Англияга дагы 66 кыргызстандык мигрант барат

Британияга иштегени баруу үчүн эмгек келишимин алган 66 кыргызстандык жаран Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин окуусунан өтүштү.

Аларга Британиянын мыйзамдары, салык, айлык акы деңгээли жана өлкөнүн тарыхы, маданияты тууралуу маалыматтар берилди. Мындан тышкары Кыргызстандын Британиядагы консулдук кызматынын жана башка тиешелүү мекемелердин байланыш номурлары берилди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 66 кыргызстандык жаран Англияга барып иштөөгө Hops Labor Ltd оператору аркылуу эмгек келишимин түзүшкөн. Маалыматка ылайык, аталган оператор аркылуу Британиядагы сезондук жумуштарга барып иштөө үчүн 26 миңден ашуун кыргызстандык арыз берген.

Министрликке караштуу ишке орноштуруу борборунун жетекчиси Кайрат Жакыпов чет өлкөгө иштегени бараткан мекендештерди Британиянын мыйзамдарын, визалык талаптарын так сактоо менен Кыргызстандын эл аралык аренада аброюн түшүрбөөгө чакырды.

Украинада согуш башталгандан бери кыргызстандык мигранттар Орусиядан Батышка ооп, алдын ала түзүлгөн эмгек келишими менен талаа жана бакча жумуштарына барып иштеп жатышат.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар акыркы эки жылы катары менен эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары жумушсуздукту аташкан.

Орусияда 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты болуп жүрөт.

Кыргызстандан Түштүк Кореяга, Европанын айрым өлкөлөрүнө, Англияга талаа жана бакча жумуштарына тартылган кыргызстандык мигранттардын саны да арбыган.

Эң көп окулган жаңылыктар