19:43
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

73 жаранды 750 миң сомго алдап кеткен. Шектүү Орусияда кармалды

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундарды 750 миң сомго алдап кеткен жаран Орусияда кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 61 жаштагы И.Ч. 2016-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн.

Ысык-Көл ОИИБ
Фото Ысык-Көл ОИИБ. Шектүү

«Кармалган 61 жаштагы Талас облусунун тургуну И.Ч. 2013-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылына барып, жергиликтүү тургундардын ишенимине кирип, 73 тургундун өрүгүн сатууга алып кеткен. Андан кийин байланышка чыккан эмес. Тургундар жалпысынан 750 миң сомдук материалдык чыгымга учураган», — деп билдирди мекеме.

Шектүү Россиянын Петропавловск-Камчатский шаарында кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар