10:34
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кербен шаарындагы 23 миллион сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды

Аксы районунун Кербен шаарындагы 23 миллион сомдук борбордук базар мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кербен шаарынын борбордук базары Б.М. аттуу жаран тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып келгендиги аныкталган.

Мэриянын карамагында болгон базар 2012-жылы ижара келишиминин негизинде Б.М. аттуу жаранга беш жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото УКМКнын басма сөз кызматы. Кербен шаарынын базары

«Бирок келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин Б.М. базардын коммуналдык кооперативи менен болжолдонгон сатып алуу-сатуу келишимине таянып, Кербен шаарынын мэриясына ижара акысын төлөөнү токтотуп, ал үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жасалма түрдө соттошуп баштаган», — деп билдирди УКМК.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы аянты 1,79 гектар болгон базар 2003-жылдан бери Кербен шаарынын мэриясынын балансында тургандыгы аныкталган. Мындан улам Б.М. базарды муниципалитетке ыктыярдуу түрдө кайтары берди.

Эң көп окулган жаңылыктар