08:45
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрмө пункттар 1-майда иштебейт

Кытай-кыргыз менен чек арасындагы өткөрмө бекеттер 1-майда иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен КЭРдеги Эмгек күнүнө байланыштуу «Торугарт» жана «Эркетам» өткөрмө-бекеттери 1-майда убактылуу жабылат.

Көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2-майда улантылат.

Эң көп окулган жаңылыктар