18:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акжолтой Тукунов эки айга камакка алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Акжолтой Тукуновдун кармалышы мыйзамдуу деп табылып, камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 17-апрелинде Аламүдүн районунда 1981-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» боюнча айып тагылган.

Сот отурумуна чейин Тукуновдун кармалышынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерип, аны камакка алуу өтүнүчү киргизилген.

Бирок кылмыштын оордугуна карабай сот Акжолтой Тукуновдун кармалышын мыйзамсыз деп таап, 16-июнга чейин эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошоткон.

«Райондук прокуратура Чүй облустук сотуна кайрылып, Аламүдүн районунун тергөө судьясынын 2024-жылдын 19-апрелиндеги Т.А. аттуу жарандын кармалышын мыйзамсыз жана негизсиз деп тапкан токтомун жокко чыгарууну, анын камакка алынышын мыйзамдуу жана негиздүү деп табууну, ошондой эле Жазаларды аткаруу кызматынын № 21 абагына камакка алууну өтүнгөн», — деп белгиледи мекеме.

26-апрелде жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегия апелляциялык сунушту карап чыгып, Акжолтой Тукуновдун кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Ал 17-июнга чейин убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар