08:08
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Бишкектеги кампалардын биринен 4 тоннадан ашык апийим куурайы табылды

Бишкектеги кампалардын биринен 4 тоннадан ашык апийим куурайы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» бажысы менен биргеликте жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө алыскы жана жакынкы аймактарга, чет өлкөлөргө, Кыргызстанга, андан соң коңушулаш Казакстан, Өзбекстан, Кытайга баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүүнүн туруктуу каналын уюштуруп, көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду», — деп белгиледи мекеме.

Бишкек шаарындагы кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашкан ири көлөмдөгү апийим куурайы аныкталган. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, анда 350 килограммга жакын психотроптук заттар (кодеин жана морфин) камтылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинде (Кыргызстандын бажы чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү) жана 282-беренесинде (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча эки жаран кармалды.

Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар