00:01
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ош облусунда өспүрүм балага чагылган тийип, каза болду

Ош облусунда өспүрүм балага чагылган тийип, каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, Ош облусунда жаратылыш кырсыктарынан эки адам каза болду. Буга чейин селден бир адам көз жумган.

«Ошондой эле Кара-Суу районундагы айылдардын биринде өспүрүмгө чагылган тийип, каза болду. Ооруканага жеткирилди, бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон жок», — деди ал.

Белгилей кетсек, 20-апрелден тарта Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында 46 сел жүрдү. Ош, Жалал-Абад (Ноокен району) жана Талас облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар