05:58
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Нарын районунда да сел катталды

Нарын районунда сел катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, нөшөрлөп жааган жаандан улам Учкун айыл аймагынын Куланак айылында саат 9.30да сел жүргөн. Бир турак үйдүн короосун суу каптады.

ӨКМ
Фото ӨКМ

Жерине райондун акиминин орун басары жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери барышты.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарынын маалыматына ылайык, 20-апрелден 23-апрелге чейин Кыргызстанда 67 жолу сел катталган. 1 миң 92 кожолукту, анын ичинен 264 турак үйдү суу каптаган. Өзгөчө кырдаал режими Ош, Жалал-Абад (Ноокен району) жана Талас облустарында киргизилген. Табигый кырсыктан улам эки жаран каза болду, бир жаранды унаасы менен сел агызып кеткен, дагы бир өспүрүмгө чагылган тийип көз жумган.

Эң көп окулган жаңылыктар