14:36
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Депутаттык топ министр Талантбек Батыралиевдин ишмердигин текшерет

Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо министрлигин текшерүүчү топ түзүлдү. Бул тууралуу чечим кечээ профилдик комитеттин жыйынында кабыл алынды.

Комиссия бир ай ичинде министр Талантбек Батыралиевдин ишмердиги жана чечимдерин карап чыгат.

Буга чейин депутат Альфия Самигуллина саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери министрге нараазы болуп жатканын билдирген. Ал үч жыл ичинде 250 медициналык уюмдун 120 жетекчиси алмаштырылганын маалымдаган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби