22:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эл аралык финансалык уюмдар Тажикстандын бюджетин колдоодон баш тартышты

Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Европа биримдиги Тажикстандын мамлекеттик бюджетин колдоодон баш тартышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын 20-июлда жарыяланган жаңы баяндамасында айтылат.
Маалыматка караганда, аталган эл аралык институттар насыя жана грант катарында Тажикстанга 200 млн доллар берүүгө даяр экендиктерин билдирип, ал үчүн тажик бийлиги банк тармагын реформалоосу керектигин айтышкан. Бирок Дүйшөмбү алардын сунушун аткарууга ниети жоктугун билдирди.

«Азаттыктын» тажик кызматынын маалыматында, бийлик менен донорлор тажик банктарынын түзүмдөрүн өзгөртүү боюнча орток пикирге келе алышкан эмес.

«Донорлор банк тармагында комплекстүү реформаларды жасоо шартын коюшкан. Эл аралык уюмдар мамлекетке каатчылыкка дуушар болгон банктардын менеджментин толугу менен алмаштырып, банктык түзүмдөрдү өзгөртүү боюнча узак мөөнөттүү программа иштеп чыгууну сунушташкан. Бирок Дүйшөмбү бул шарттарды кабыл алган жок, мындан улам алар Тажикстанга жардам берүүдөн баш тартышты», - деп билдирет радио. 

Анын айтымында, эгер Тажикстан донорлордун шарттарын аткарса, Дүйнөлүк банктын өзү эле өлкөгө насыя жана грант катары 50 млн доллар бөлүп берүүгө даяр болчу. Андан тышкары Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюта кору дагы Дүйшөмбүгө өз жардамдарын беришмек.

Өкмөттөгү булактар белгилешкендей, банктардын көйгөйлөрү аманатчылардын нааразылыгын жаратып, мамлекет коомдогу чыңалууну азайтуу үчүн абалдан чыгуу жолдорун табышы керек болгон. Бирок эл аралык институттар тарабынан сунушталган реформалар узак мөөнөттүү процессти камтыгандыктан, бийлик аларды аткаруудан баш тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар