Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары жана активисттери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда инженердик инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде газдаштыруу жана калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу темалары талкууланды.
Мындан тышкары, калкты социалдык жактан колдоо, турак жай менен камсыз кылуу, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде билим берүү жана спорттук объекттерди куруу, аймактарды көрктөндүрүү боюнча кайрылуулар айтылды.
Ошондой эле жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, укуктук талаштарды жөнгө салуу, жарандардын укуктарын коргоо, ишкердикти жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө шарт түзүү маселелери көтөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Алардын катарында инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттык сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, социалдык чөйрөдөгү долбоорлорду ишке ашыруу жана укуктук мүнөздөгү кайрылууларды карап чыгып, жарандардын укуктарын камсыз кылуу бар.

