Эртең, 15-апрелде түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолордо жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 19...24
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19
Нарында түнкүсүн −1...+4, күндүз 16...21
Бишкек шаарында түнкүсүн 7...9°, күндүз 25...27° ысыйт

