Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Бахадыр Коңуров кызматтан кетти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Башка кызматка которулгандыгына байланыштуу бүгүн,14-апрелде Бахадыр Коңуров төраганын орун басары кызматынан кеткени кабарланды.
Комиссиянын мүчөсү Акбалык Жумалиева төрайымдын жаңы орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү бир добуштан колдошту.

