Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа айылындагы Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун ачылыш аземине катышты.
Борбор мамлекеттик кызматтарды комплекстүү түрдө көрсөтүүнү камсыздап, социалдык багыттагы объекттерди бир жерде жайгаштырууга багытталган.
Садыр Жапаров үч кабаттуу имараттын инфраструктурасы менен таанышып, андагы калкты тейлөө бөлүмдөрүн, кинотеатр, машыгуу залын, банк бөлүмдөрүн, конференц-залды жана башка коомдук жайларды көрүп чыкты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мамлекет башчысына жер тилкесинин жалпы аянты 0,45 гектарды түзөрүн маалымдап, долбоор район тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.
Андан соң президент жергиликтүү тургундар менен баарлашып, мындай борборлор өлкөнүн башка райондорунда да ачыларын айтты. Өз кезегинде жашоочулар ишке ашырылып жаткан демилгелердин калктын жашоо шартын жакшыртуудагы маанисин белгилешип, аймактарды өнүктүрүүгө көңүл буруп жатканы үчүн ыраазычылык билдиришти.

