Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун аялын калп көрсөтмө бергендиги үчүн жоопко тартууну Өмүрбек Текебаев бүгүнкү сотто сунуштады.
Биринчи май райондук сотунда бүгүн Канат Абутанов көрсөтмө берди. Ал Бишкектин райондор аралык сотунун төрайымынын уулу. Канат Абутановдун айтымында, 2010-жылы ал жумушсуз болчу жана Раушан Рыкунованын ар кандай тапшырмаларын аткарып жүргөн.
Ал Раушан Рыкунованын көрсөтмөсү менен Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун аялы Быйыл Айдакеева менен жолугушканын ырастады.
«Рыкунова Айдакеева аркылуу Өмүрбек Абдырахманов менен жолугушкусу келген. Анткени, Абдырахманов ал кезде MegaCom боюнча депутаттык топту жетектеген. Бирок, анда 1 миллион доллар боюнча сөз болгон эмес. Бул калп», — деди Канат Абутанов.
Эскерте кетсек, Быйыл Айдакеева тергөөгө берген көрсөтмөсүндө, Канат Абутанов аркылуу Раушан Рыкунова 1 миллион доллар сунуштаганын, ал акчаны россиялык ишкерлер берип жатканын айткан.
Өмүрбек Текебаев Абдырахмановду аялы менен кошо жоопко тартуу керектигин билдирди.
Сотто прокуратура күбөлөрдү суроону токтотуп, ишти иликтөөгө өтүүнү суранды. Сот күбөлөр келбеген күнү ишти иликтөө жүрөрүн айтты.