04:05
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Текебаевдин соту. Өмүрбек Абдырахмановдун аялы көрсөтмө берди

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун жубайы Быйыл Айдакенова Өмүрбек Текебаевдин сотуна күбө катары чакырылган. Бирок, ал өзү Кыргызстанда жок болгондуктан көрсөтмөсү окулду.

Анда, Быйыл Айдакенова 2010-жылдын аягында райондор аралык сотунун уулу Канат анын кеңсесине келип, MegaCom компаниясына россиялык ишкерлер кызыгып, Раушан Рыкунова аркылуу 1 миллион доллар сунуштап жатканын айтканын маалымдайт. Айдакенованын айтымында, россиялык ишкерлердин аты-жөнү аталган эмес. Бирок, бул сунушту ага кызыкдар тараптардын баары,  Өмүрбек Текебаев дагы кабыл алган. Бир гана «Альфа Телеком» боюнча убактылуу комиссияны жетектеген Өмүрбек Абдырахманов баш тарткандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынын акциясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. 

Өткөн жумада Леонид Маевский өзү келип, сотто көрсөтмө берген.

Эң көп окулган жаңылыктар