18:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Текебаевдин соту. Маевский: Текебаев мени баңги зат менен карматам деп коркуткан

«Текебаев мени баңги зат менен карматам деп коркуткан» — деп бүгүн Биринчи май райондук сотунда Россиянын жараны, ишкер Леонид Маевский билдирди.

Анын айтымында, 1 миллион долларды алгандан кийин Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов менен байланыш үзүлгөн. Алар убадалагандай Алексей Модинди «Мегаком» компаниясынын башкы директорлугуна дайындашкан эмес. Россиялык ишкер 2010-жылдын күзүндө Кыргызстанга келип, «Ата-Мекен» партиясынын лидери менен кайра жолуккан.

«Мен убаданы аткарууну сурандым. Дүйшөн Чотоновдун Текебаевге 600 миң долларды кайра берүүнү сунуштады. Ал Текебаевге анча жага берген жок. Кийин 2010-жылдын декабрь айында кайра келдим. Текебаевден акчаны кайтарууну талап кылдым. Текебаев мага «акчаны кайтарбайм, сени баңги зат менен карматам» деп коркутту»- деди ал.

Күбөнүн билдирүүлөрүн Өмүрбек Текебаев сотто четке какты. Леонид Маевский партия лидерине калп детектиринен өтүүнү сунушутады. Анын айтымында, Текебаев калп детектирин экинчи жолу сунуштап жатат. Биринчисинде саясатчы баш тарткан.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон.

Леонид Маевскийдин айтымында, Алексей Модиндин сунушу менен Өмүрбек Текебаев менен биринчи жолу 2010-жылдын май айында эки жолу жолугуп, компанияны акциясын сатып алуу маселесин талкуулаган.

Кийинки жолугушуу июлда Москвада өткөн. Сентябрда (2010-жылы) ишкер өзү Бишкекке кайра келген.

Эң көп окулган жаңылыктар