03:29
+27
USD 68.74
EUR 80.70
RUB 1.16
Кыргызча

Текебаев Маевский менен Кремль менен байланыш түзүү үчүн жолуккан

«Ата-Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Александр Маевский менен эки жолу жолукканын мойнуна алды. Бирок, майда, же июлда эмес, 2010-жылдын август айында Москва шаарында сүйлөшүү болгон. 

«Менде Мироновдон башка таанышым жок. Андыктан, штабдагылар Россиянын думасында байланыштары бар Маевский менен жолугушууну сунуштады. Эч кандай ресторанга барган жокпуз. Ал мага Кремль менен байланыш түзүүгө жардам берүүнү убадалады» - деди Текебаев.  

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010-жылы «Мегаком» компаниясынан үлүш убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы «Коррупция» беренеси менен иш козголгон. 

Леонид Маевскийдин айтымында, Алексей Модиндин сунушу менен Өмүрбек Текебаев менен биринчи жолу 2010-жылдын май айында эки жолу жолугуп, компанияны акциясын сатып алуу маселесин талкуулаган.

Кийинки жолугушуу июлда Москвада өткөн. Сентябрда (2010-жылы) ишкер өзү Бишкекке кайра келген.

Сотто Леонид Маевский Текебаевге акчаны эки жол менен бергенин билдирди. Биринчи жолу Модин аркылуу 300 миң долларды, экинчи жолу Кутуков аттуу Текебаевдин ишенимдүү кишисинен 700 миң доллар берип жиберген. 

1 миллион долларды алгандан кийин Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов менен байланыш үзүлгөн. Алар убадалагандай Алексей Модинди «Мегаком» компаниясынын башкы директорлугуна дайындашкан эмес. Россиялык ишкер 2010-жылдын күзүндө Кыргызстанга келип, «Ата-Мекен» партиясынын лидери менен кайра жолуккан.

Эң көп окулган жаңылыктар