21:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Текебаевдин соту. Леонид Маевский сотко келди.

Бүгүн Биринчи май райондук сотуна россиялык ишкер Леонид Маевский келди.

Эскерте кетсек, «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Леонид Маевскийден 2010–2011-жылы «Мегаком» компаниясын убадалап, 1 миллион доллар алган деп айыпталууда. Саясатчынын шериги катары мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновго дагы айып тагылган.

Леонид Маевский MegaCom компаниясына кызыгып, бул боюнча Модин менен сүйлөшкөнүн билдирди. Россиялык ишкердин билдирүүсүндө, Алексей Модин аны Текебаевдин кабинетине алып келген. Жолугушуу 2010-жылдын май айында болгон.

«Текебаев менин байлыгыма жана аны кантип тапкандыгыма кызыкты. Бирок, компанияны экөөбүз гана калганда сунуштады. Ал менден «рынокко кирүү үчүн акча төлөөгө даярсызбы?» — деп сурады. Мен маселенин баасын тактадым» — деди Леонид Маевский.

Бирок, ал Текебаев айткан сумманы ачыктаган жок. Маевский Москвада Модин менен бирге талкуулап, компаниянын 100 пайыз акциясы 300 миллион доллар турарын эсептеп чыгышканын айтты. Биринчи

төлөмдү - 300 миң долларды Модин аркылуу Бишкекке жөнөткөн.

Белгилей кетсек, Алексей Модин кечээ Биринчи май райондук сотунда көрсөтмө берип, бирок, 300 миң долларды Өмүрбек Текебаевге өзү бергенин айткан эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар