16:44
USD 87.43
EUR 102.30
RUB 1.16

Кыргызстанда ички каттамдарда авиабилеттердин баасы жөнгө салынды

Фото «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын

1-майдан баштап Бишкек — Ош жана Бишкек — Манас (Жалал-Абад аэропорту) ички авиакаттамдарында авиабилеттердин макулдашылган баалар системасы киргизилүүдө. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим «Кыргызстан аэропорттору» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU сыяктуу ата мекендик авиакомпаниялар менен өткөргөн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Диалогдун жүрүшүндө тараптар өз ара келишип, баа түзүү боюнча бирдиктүү ыкманы макулдашышты.

Бекитилген параметрлерге ылайык Бишкек-Ош маршруту боюнча авиабилеттердин баасы эрте брондоодо 3 800 сомдон башталып, ошол эле учурда учуу алдындагы акыркы күндөрдө максималдуу баа 5 900 сомдон ашпайт. Бишкек-Манас («Жалал-Абад» аэропорту) маршруту боюнча баштапкы баасы 3 500 сомду, ал эми максималдуу баасы — 5 500 сомду түзөт.

Авиакомпаниялар өз тарабынан белгиленген чектик баалардан ашырууга жол берилбестигин ырасташты.

Мамлекеттик авиаташуучу «Asman Airlines» мындан да жеткиликтүү баа саясатын кармана тургандыгын өзүнчө белгилеп кетүү керек, алсак Бишкек-Ош багыты боюнча максималдуу баа 5 500 сомду, ал эми Бишкек-Манас багыты боюнча 4 100 сомду түзөт.

«Ички авиакаттамдардын жеткиликтүүлүгү маселеси биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Бекитилген тарифтерди киргизүү ички авиаташуу рыногун турукташтырууга, баалардын кескин өзгөрүшүнүн алдын алууга жана жүргүнчүлөр үчүн ачык-айкын, түшүнүктүү шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Манасбек Самидинов.

Эң көп окулган жаңылыктар