06:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Текебаевдин соту. «Ата-Мекен» лидери ага коюлган айыпты түшүнбөйт

«Ата-Мекен» лидери ага коюлган айыпты түшүнбөйт. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев бүгүнкү сотто билдирди.

Анын айтымында, ага кылмыш ишин башкы прокурор козгогон. Бирок, 2010-жылы ал эч кандай кызматты ээлеген эмес. Андыктан, Индира Жолдубаеванын иш козгоп жатышы дагы түшүнүксүз.

«Андан сырткары, мен мамлекетке канча зыян алып келгеним дагы так эмес» — деди

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат. Экөөнө бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясы үчүн Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар