10:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоого катышууга арыз жолдоду

Учурда УКМКнын абагында кармалган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке ат салышат. Кечээ анын расмий өкүлдөрү Боршайкомго келип, саясатчынын арызын тапшырышты. Бул тууралуу «24.kg» агентигине партиянын юристи Канатбек Азиз билдирди.

Канатбек Азиздин айтымында, БШК партия лидеринин жана анын ыйгарымдуу өкүлү Алмазбек Жолдошбаевдин документтерин кабыл алды.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев экинчи болуп, БКШга талапкер катары катталууга арыз берди. Ага чейин »Лига — Антикризис» коомдук фондунун директору Назарбек Нышанов берген.

Талапкерлерди каттоо 15-августта аяктайт. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар