13:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Боршайком сот өкүмү чыкпаса, Текебаевди талапкер катары каттайт

Боршайком сот өкүмү чыкпаса, Өмүрбек Текебаевди каттайт. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агентигине мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, БШК Өмүрбек Текебаевге ат салышууга тыюу сала албайт. Бир гана соттун өкүмү ага тоскоолдук түзүшү мүмкүн.

«Бирок, эгер ал катталган кийин соттун өкүмү угузулса, анда добуш берүүгө беш күнгө чейин талапкерлигин алып сала алабыз», — деди ал.

Нуржан Шайлдабекова талапкерлерди каттоо арыз берген кундөн тарта эмес, документтердин баары топтолуп, кол чогултулуп, мамлекеттик тил сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, күрөө коюлгандан кийин башталат.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Текебаев экинчи болуп, БКШга талапкер катары катталууга арыз берди. Ага чейин »Лига — Антикризис» коомдук фондунун директору Назарбек Нышанов берген.

Талапкерлерди каттоо 15-августта аяктайт. Шайлоо 15-октябрда өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума