19:34
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

2026-жылы пенсия бир кыйла көбөйүшү мүмкүн

Социалдык фонд 2026-жылы пенсияларды бир кыйла көбөйүшүн болжолдоодо. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында парламент депутаттарынын өлкөдөгү пенсиялардын төмөн деңгээли боюнча суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы өсүш 7 пайызды түзгөн, ал эми 2026-жылы пенсияларды көбөйтүү маселеси каралууда. «Биз андан ары олуттуу өсүштөрдү пландаштырып жатабыз», — деди Алиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы минималдуу пенсия жашоо минимумуна чейин көтөрүлүп, 7100 сомго жеткенин билдирди. Пенсиялар жыл сайын көбөйөт, бирок ал так суммасын айта алган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар