20:43
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоого чалдыккандар азайды

Кыргызстанда 27-январдан 2-февралга чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11037, сасык тумоонун 40 учуру катталды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, өткөн жумага салыштырмалуу оорунун көрсөткүчү 3,6 пайызга азайган. 3,9 пайызы же 436 учур ооруканага жаткырылган.

Республикалык ооруга чалдыгуу көрсөткүчүнүн жогору болушу Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынан башка бардык аймактарда байкалган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү уланууда.

Мындан тышкары, жума сайын COVID-19 инфекциясына мониторинг жүргүзүлөт. Бир жумада бир гана учуру Бишкекте катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар