23:07
USD 87.45
EUR 90.64
RUB 0.90

Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

Кыргызстанда 20-январдан 26-январга чейинки бир жумада курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 миң 441 учуру, сасык тумоонун 53 учуру катталды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, оорунун көрсөткүчү өткөн жумага салыштырмалуу 2,6 пайызга азайган.

Ооругандардын 5 пайызы (же 563 бейтап) ооруканага жаткырылган.

Белгиленгендей, сасык тумоо мезгили 2024-жылдын декабрынын ортосунан бери байкалууда.

Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар