Бүгүн, 21-январда планеталардын парадын жердин жашоочулары көрө алышат. Астрономдор бул кубулушту планеталардын чоң түзүлүшү деп аташат. Асманда Күн системасынын алты планетасы көрүнөт: Марс, Юпитер, Уран, Нептун, Венера жана Сатурн. Бул тууралуу Live Science билдирди.
Астрономдор асман кубулушун 21-январдан 25-январга чейин күндүн караңгы маалында байкоого болоорун белгилешүүдө.
Ал эми 28-февралда Меркурий планеталардын бул парадына кошулат. Чындыгында Жерден башка Күн системасынын бардык планеталарынын парадын көрүүгө болот.