Бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик Курултайда Бишкектен келген делегат Нургазы Арзыматов Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын тезирээк көрсөтүү үчүн президентке тапшырма берүүнү суранды.
Анын айтымында, мектеп бүтүрүүчүлөрү тесттин жыйынтыгын бир ай бою күтүшү керек.
"Мамлекеттик кызматка талапкерлер тапшырган тестирлөөнүн жыйынтыгы ошол эле күнү белгилүү болот. Бул системаны ЖРТга киргизүүнү суранабыз«,-дейт Нургазы Арзыматов.
Ал ошондой эле борбор калаанын айланасындагы тоолорду талаптагыдай формага келтирүүнү суранды.
«Туризмди өнүктүрүү үчүн бул тоолорду жашылдандыруу керек. Ошондой эле жарандарды жумуш менен камсыз кылат», — деди делегат.
Белгилей кетсек, Бишкекте үчүнчү Элдик Курултай өтүп жатат. Ага 698 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда. Мамлекет башчынын атынан эң улуу делегат 98 жашка чыккан Улукбек Эргешевге белек тапшырылды.