Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды.
Ишеним грамоталарын Канаданын элчиси Кристофер Дагган, Испания Королдугунун элчиси Луис Франсиско Мартинес Монтес, Эстония Республикасынын элчиси Яап Ора, Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын элчиси Мохамед Ирки, Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын элчиси Джемаль Бекер Абдула, Чыгыш Уругвай Республикасынын элчиси Хуан Фернандо Лугрис Родригес, Боливардык Венесуэла Республикасынын элчиси Росальба Ло Буе Антико тапшырды.
Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардак кароолдун тосуп алышы менен башталып, андан соң элчилер президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырды. Мамлекет башчысы дипломаттар менен саламдашып, элчилерди дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, эзелтен кыргыз эли дипломатиялык ишмердүүлүккө чоң маани берип, ар дайым урматтап келгенин айтты.
Президент эгемендүүлүк алган күндөн тартып, Кыргызстан дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен саясий диалогду жана соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүп келе жатканын баса белгиледи.