09:27
USD 86.80
EUR 91.36
RUB 0.81

Кыргызстан Германияда инвестициялык долбоорлорду сунуштады

2024-жылдын 27-ноябрында Берлинде кыргыз делегациясы германиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Германияга болгон расмий сапарынын алкагында өттү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев Кыргызстандагы чет элдик инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Негизги жеңилдиктер катары жөнөкөйлөштүрүлгөн салык жана каттоо процедуралары, ошондой эле эл аралык рынокко чыгуу аныкталган.

Туризм тармагындагы долбоорлор, ошондой эле биргелешкен кызматташуунун башка тармактарынын потенциалы талкууланды. Министрдин айтымында, Германия аларды ишке ашырууда аймактын экономикалык өсүшүнө салым кошуп, маанилүү өнөктөш боло алат. Бизнес өкүлдөрү пикир алмашып, мүмкүн болуучу өнөктөштүк пландарын белгилешти.

Эң көп окулган жаңылыктар