22:45
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагында өсүү улантууда

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-август айларында кызмат көрсөтүү тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,8 пайызга өсүү менен 628,6 миллиард сомду (7,4 миллиард долларга жакын) түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда камтылган.

Бул мезгилдин ичинде чекене сооданын көлөмү 9,9 пайызга, дүң сооданын көлөмү 1,8 пайызга өскөн.

Транспорт жана жүктөрдү сактоо ишинин дүң көлөмү 56,3 млрд сомду (668,6 млн доллар) түзүп, 4,8 пайызга өстү. Мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 22,8 миллиард сомго (270,7 миллион доллар) жетип, 19,9 пайызга өстү.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын 2024-жылдын январь-август айларындагы ички дүң продуктусу (ИДП) алдын ала маалыматтар боюнча 797,7 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,6 пайызга көп болгон.

Айрыкча өсүү товардык өндүрүштүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана продукцияга салыктын эсебинен жетишилет.

Эң көп окулган жаңылыктар