USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Цирк оңдоп-түзөөдөн кийин Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата ачылат

16:06, 06 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ал циркти капиталдык реконструкциялоо долбоорунун алкагында аренада, имараттын ичинде жана сыртында жүргүзүлүп жаткан иштерди, кызматкерлерге, конокторго жана цирк жаныбарларына түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты.

Чиновник Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, шаардык мэрияга жана курулушчуларга оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жүргүзүп, өз убагында бүтүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Цирктин жанындагы аймакты жеке адамдарга ижарага берүүгө тыюу салууга өзгөчө көңүл бурулду. Цирктин оңдоп — түзөөдөн кийин ачылышы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата ачуу пландалып жатат.

Эске сала кетсек, циркти капиталдык оңдоп-түзөө иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен 2023-жылдын июль айында болгон пландан тышкары иш сапары менен башталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика