Президент Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларды жана кеңешчилерди бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынды.