23:54
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектин борборунда митингдерге тыюу салуу чечими кайрадан узартылды

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим узартылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сот Биринчи Май акимиатынын тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө тууралуу чечимин мыйзамдуу деп тапты. 

 Тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу 30-мартка чейин узартылды.

Эскерте кетсек, Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварында, Линейный көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, ошондой эле Жогорку Кеңештин жана ага жакын Панфилов паркында, президенттин администрациясынын алдында, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы бакта, Жогорку соттун, Россия элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин имараттарынын жанында митинг өткөрүүгө болбойт.

Ала-Тоо аянтында өткөрүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралар бул чектөөгө кирбейт.

Акцияларды мурдагыдай эле Максим Горький атындагы гүлбакта, Рыскулов менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде гана өткөрүүгө болот. Бишкектин борборунда митингге чыгууга тыюу салуу чечими 2022-жылдын март айынан бери күчүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар