15:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте Аламүдүн базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыгышты

Бишкекте Аламүдүн базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине акциянын катышуучулары билдиришти.

Алардын айтымында, митингге «Таатан», «Азиз» жана «Чынар» базарларында иштеген ишкерлер да келишти. Соодагерлер бийликтен патент боюнча иштөөгө уруксат берүүнү жана көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу милдетин алып салууну талап кылып жатышат.

Эскерте кетсек, кечээ «Дордой» базарынын соодагерлери патент менен иштөөгө уруксат берүү талабы менен нааразылык акциясына чыгышкан. Мындан тышкары, митингдер «Таатан», «Мадина», Орто-Сай базарларында да өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар