12:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аянттагы митинг. Активисттер депутаттар менен жолугууну суранышууда

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында кен казып алуучу компанияларга каршы митинг өтүп жатат. Чогулгандардын жанынан милиция келип, Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча баш калаада 30-сентябрга чейин митинг уюштурганга тыюу салынганын эскертти.

Акциянын катышуучулары Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамасына келишип, депутаттар менен жолугууга билдирме калтырышты. Алар Отун-энергетикалык комплекс жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев менен жолугушууну самап жаткандарын айтышты.

Митингдин уюштуруучусу Элери Битикчинин айтымында, акциянын катышуучулары депутаттар Алмамбет Шыкмаматов жана Алтынбек Сулайманов менен жолугушууну суранышууда. Алар «Уран, торий кендерин издөөгө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечилери. «Биз депутаттардан эмнеге мыйзам долбоорду токтотуп жатасыңар деп сурайбыз. Аны жайкы каникулга чейин карап чыгууга сөз беришкен», -дейт Элери Битикчи.

Эң көп окулган жаңылыктар