Сот Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салууну 2025-жылдын 31-мартына чейин узартты. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, нааразылык акциясын азырынча Максим Горький аянтында гана өткөрүүгө болот.
Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтында жана ага чектеш Эркиндик бульварында Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, ошондой эле Жогорку Кеңештин имараттында, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы парктын аймагында, Жогорку Сот, Россиянын элчилиги, УКМК, Ички иштер министрлиги жана ага чектеш Иван Панфилов атындагы сейил багынын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салынган.
Ал эми Ала-Тоо аянтында өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралар өзгөчө болуп саналат.
Шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу 2022-жылдын мартынан бери күчүндө.